Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:53

Талас-Тараз жолун жапкандар менен милиция кагылышты


Таластан жергиликтүү тургун Нурлан Узуровдун билдирүүсүнө караганда, Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, Талас-Тараз жолун жапкандар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп кетти. Андан 4-5 киши жабыркап, милициянын бир машинасы зыянга учураган. Жергиликтүү милиция кызматкерлеринен окуя тууралуу маалымат алуу мүмкүн болбой турат. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Таласта эл менен милициянын ортосунда чатак чыкканын Жогорку Кеңеште бүгүн кечке жуук билдирип чыкты. (AiT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG