Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Дарига Назарбаева Мажилистин спикеринин орун басары болуп шайланды


Казакстан президентинин тун кызы Дарига Назарбаева парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилистин төрага орун басары болуп шайланды. Депутаттар Нур-Отан партиясы тарабынан көргөзүлгөн талапкерди бир добуштан колдошту. Анын алдында партиянын дагы бир мүчөсү Кабиболла Жакыпов төрагалыкка бекитилген. Ал эми мурунку спикер президент администрациясынын жетекчиси болуп дайындалган. Мындай кызмат которуулар премьер-министр Серик Ахметовдун күтүлбөгөн отставкасынан кийин жасалып отурат. Коргоо министри болуп дайындалган Ахметовдун ордуна бир кездеги өкмөт башчы Карим Масимов келди.

XS
SM
MD
LG