Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Лавров снайперлер тууралуу маалыматты текшерүү керек деди


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Украинанын кулатылган президенти Виктор Януковичке жан тарткан снайперлер февралдагы окуялар маалында элге ок ачкан деген ырастоолорго карама-каршы келген далилдер өтө көп” деп билдирди. Министрдин айтымында, “көзгө атарлар боюнча чындык ачык-айкын аныкталууга тийиш”. Буга чейин Орусия украиналык ашынган улутчулдар Киевдеги борбордук аянтта башаламандык жаратуу үчүн ата башташкан деген божомолун айтып келген. Бейшембиде Украинанын коопсуздук органдары Киевдеги тынч элге ок ачуу буйругун түздөн түз Виктор Янукович өзү бергенин билдирген жана Орусиянын атайын кызматын Майдандагы митингчилерге каршы операцияны пландоого катышкан деп айыптаган. 18-20-февраль күндөрү Киевдеги борбордук аянтта 100дөн көп киши окко учкан.

XS
SM
MD
LG