Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Армениянын өкмөт башчысы Тигран Саркисян кызматтан кетти


Мындай чечим өлкөнүн Конституциялык соту Саркисяндын өкмөтү ишке ашырууну көздөп жаткан пенсиялык реформаны Конституцияга каршы келет деген бүтүм чыгаргандан кийин кабыл алынды. Тигран Саркисян кызматтан кетүү чечимин бийликте турган Республикалык партиянын жетекчилиги менен бейшемби күнү болгон жолугушууда жарыялап, ал кабыл алынды.

Пенсиялык реформага каршы миңдеген жарандар нааразылык акциясына чыгышкан. Мына ошондон кийин Конституциялык сот январь айында реформаны токтотуп койгон. Саркисян 2008-жылдан бери өкмөттү жетектеп келген. Эми он күндүн ичинде анын ордуна башка киши дайындалууга тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG