Кошмо Штаттардын Сенатынын Чалгындоо боюнча комитети Борбордук чалгындоо башкармалыгынын суракка алуу ыкмалары боюнча купуя отчеттун бир бөлүгүн ачыкка чыгарууга бейшемби күнү добуш берди. Террорчу деп шектелгендерди суракка алуу ыкмалары катаал жана натыйжасыз болгону баяндамада белгиленген.
Сурак учурунда сууга чөктүрүү ыкмасы кыйноо катары бааланарын сынчылар айтууда. Борбордук чалгындоо кызматы өз кезегинде баяндамадагы корутундулардын көпчүлүгүн четке кагууда. Президент Барак Обама баяндаманын чыгарылышын кубаттады. (AiT)