Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Таласта алтын кенге байланыштуу кагылышуу болду


Таластан жергиликтүү тургун Нурлан Мүзүровдун билдирүүсүнө караганда, Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында жергиликтүү калк Күмүштак жергесиндеги Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, Талас-Тараз жолун 3-апрелде тосушкан. Жол тоскондор менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, андан бир нече киши жабыркап, милициянын бир машинасы өрттөлгөн. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов тастыктады:

- Милиция барып, мыйзамдуу эмес деп айтса, таш менен уруп, бир топ милиция кызматкерлери жаракат алган. Бир нечесин барымтага алууга да аракет жасалган. Ошого жол бербеш үчүн асманга эскертүү иретинде ок атылган.

Маалыматка караганда үч милиция кызматкери жабыркап, экөө ооруканага кайрылды. Жол ачыла элек.

Облустун губернаторунун орун басары Ырыскелди Ботиков, Бакай-Ата районунун акими Урмат Тынысов жол тоскондор менен сүйлөшүүгө барган. Ырыскелди Ботиков кырдаал боюнча суроого “жакшы” деген гана жообун берип, сүйлөшүүдөн баш тартууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG