Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Шыралжын кенинде чалгындоо иштери убактылуу токтотулду


3-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка бекиткен Жоомарт Оторбаев кечээ кечинде ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министрлик кызматка бекитилген Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” билдирди:

- Кечээ кечинде такталганга чейин иштерди токтото туруу буйругун берди. Экинчиден, ал жерге жаңы шайланган вице-премьер-министр Маматалиев бүгүн барат. Ал жергиликтүү калк менен сүйлөшүп, алардын арыз-муңдарын угат.

Тайырбек Сарпашев губернатордун орун басары Ырыскелди Ботиков жана Бакай-Ата районунун акими Урмат Тынысов барымтага алынды деген маалыматты четке кагып, бирок алар окуя болгон жерде элдин арасында экенин белгиледи.

3-апрелде Бакай-Ата районундагы Күмүштак жергесинде Шыралжын алтын кенин иштетүүгө жергиликтүү калк каршы чыгып, Талас-Тараз жолун жабышкан. Жол тоскондор менен милициянын ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече жергиликтүү жергиликтүү тургун жана милиция кызматкери жабыркаган. Жабылган жол ачыла элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG