Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Базар-Коргондо эки милиционер кыйноо үчүн соттолду


Жалал-Абадда эки милиционерге карата сот өкүмү чыкты. Ноокен райондук соту Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн эки инспекторун тергөө учурунда кыйноо ыкмасын колдонгону үчүн он бир жылдан эркинен ажыратты.

Алар "Кылмыш-жаза кодексинин" 305-беренесинин 1-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылып, сот залынан камакка алынды.

Кылмыш ишти териштирген Жалал-Абад облустук прокуратурасы эки милиционер кызмат абалынан пайдалануу менен зарыл көрсөтмө алуу үчүн өспүрүмдөрдү кыйноого алгандыгын белгиледи . Сот өкүмү 31-мартта чыкты.

Бир райондо жасалган кылмыш боюнча соттук териштирүүнү башка райондо жүргүзүү соттук тажрыйбада кеңири колдонулат. (YA)

XS
SM
MD
LG