Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

“Демократия жана жарандык коом үчүн” митингчилерге кайрылды


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Таластагы пикет катышуучуларына кайрылуу жолдоп, чагымчыл күчтөргө алданбоону суранды. Коалиция өкүлдөрү бардык маселе укуктук жол менен зомбулуксуз чечилиши керектигин белгилешет.

- Кыргызстандын жарандары кай бир көйгөйдү чечүү үчүн бийлик органдарына түз кайрылууга же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүү жасаганга акылуу. Нааразылык акциялары тынчтык мүнөздө болууга тийиш”,- деп жазылат кайрылууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы бардык саясый партиялардын, оппозициялык топтордун лидерлерин коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун коргоого салым кошууга чакырат.

Таластын Бакай-Ата районунда Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыккандардын митинги 3-апрелден бери уланууда. Акцияга чыккандар Талас - Тараз жолун бууп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG