АКШ өкмөтү Кыргызстандагы бир да саясый бирикме же партияга колдоо көрсөтүп жаткан жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал айым билдирди. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар Кыргызстанда демократиянын орношун, демократиялык институттардын иштешин камсыз кылууга жардамын берип келатканын айтты.
- АКШ эч бир саясый партияга артыкчылык бербейт, колдобойт жана каржылабайт,- деди Бисвал.
Ниша Бисвал бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. (RK)