Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Таласта нааразылыкка чыккандар өкмөткө талап койду


Бакай-Атадагы Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыккандар менен вице-премьер-министр Абдырхаман Маматалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүп жатат.

Митингчилер алардын талаптары аткарылмайынча Талас - Тараз жолун ачпай турганын айтууда. Окуяга көз салып турган журналисттердин айтымында, нааразылыкка чыккандар бийликке беш талап коюшту. Талаптар төмөнкүчө:

- Шыралжын алтын кенин иштетүү тезинен токтотулсун;
- Экологиялык зыян төлөнүп берилсин;
- Митингге чыккандар куугунтукталбасын;
- 3-апрелде митингге чыккандарга күч колдонгон милиция кызматкерлери жоопко тартылсын;
- Талас өрөөнүндө эч кандай кен ачылбай, аймак экологиялык таза болуп сакталсын.

Өкмөт өкүлдөрү акция катышуучуларынын айткандарын тийиштүү жетекчиликке жеткирүүгө убада беришти. Учурда жолугушуунун протоколдоруна кол коюп жатышат. Жабылган жол азырынча ачыла элек.

Таластын Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы 3-апрелден бери митинг кылып жатышат. Акция башталган учурда абалды жөнгө салуу үчүн келген күч кызматкерлери менен акция катышуучуларынын ортосунда кагылышуу болуп, 19 милиционер жана 4 акция катышуучусу жабыркаган. Күч органынын эки кызматкери ооруканага түшкөн.

Кенде “Алтын - Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан болчу. Кендеги чалгындоо иштери өкмөт тараптан убактылуу токтотулду. (SE)

XS
SM
MD
LG