Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Ош шаардык архитектура башчысына кылмыш иш козголду


Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетовго карата мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендиги үчүн бир нече берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратура башчысынын орун басары Рысбек Кулов Ош шаарынын коллегиялык жыйынында билдирди.

Куловдун айтымында Баетовго карата буга чейин да кылмыш иши ачылган, бирок жоопко тартылчу тараптын ден соолугуна байланыштуу ал каралбай калган.

Нурбек Баетов Ош шаарынын архитектура башкармалыгын 2011-жылдан бери жетектеп келет. Азырынча ал өзүнө карата айыптоолор боюнча комментарий бере элек.(YI)

XS
SM
MD
LG