Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Таласта буулган жол ачылды


Бакай-Атадагы Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыккандар өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүп, талаптарын айткан соң Талас - Тараз жолун ачышты.
Окуяга байкоо салып тургандардын айтымында, акция катышуучулары тарап кетүүдө.

Бүгүн вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акция катышуучуларына барып жолугуп, талаптарын уккан.

Тургундар Шыралжын алтын кенин иштетүүнү тезинен токтотууну, экологиялык зыянды калыбына келтирүүнү, Таласты экологиялык таза өрөөн бойдон сактоону талап кылышты. Анда сырткары митинг катышуучуларын куугунтукка албоону, аларга күч колдонгон күч кызматкерлерин жоопко тартууну суранууда.

Маматалиев "Азаттыкка" билдиргендей, акцияга чыккандардын талаптары иликтенип чыккан соң тийиштүү кадамдар жасалмакчы.

Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы 3-апрелде нааразылык акциясына чыгып, жолду буушкан болчу. Абалды жөнгө салуу үчүн келген күч кызматкерлери менен митингчилер ортосунда чатак чыгып, 19 милиционер жана 4 акция катышуучусу жабыркаган. Күч органынын эки кызматкери ооруканага түшкөн.

Кенде “Алтын - Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан болчу. Митингге байланыштуу кендеги жумуштар өкмөт тараптан убактылуу токтотту. (SE)

XS
SM
MD
LG