Кыргыз шырдагы Британияда "Селвеж" жазгы жармаңкесинде англис коомчулугунун назарына коюлат. Бул тууралуу Амстердамдагы "Шырдак" көргөзмө-дүкөнүнөн кабарлашты. Жармаңке Лондондун чок ортосундагы Челси районунун мэрия имаратында 4–5-апрелде өтөт.
Көргөзмөгө шырдактан тышкары жүндөн жана булгарыдан жасалган кийим-кечелер, буюмдардын жаңы коллекциясы тартууланат. Бардык буюмдар кыргыз уздарынын колунан жаралган. Кыргыз шырдагын Европада жайылтуу максатында Кыргызстандын Нидерланддагы ардактуу консулу Мариен Түрлиңс Амстердамдын борборунда "Шырдак" көргөзмө-дүкөнүн ачкан.
Былтыр күзүндө ушул сыяктуу көргөзмөдө кыргыз шырдагы британдардын арасында чоң кызыгуу жараткан. (BAz)