Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Пакистандагы талиптер ок атышпоо мөөнөтүн узартты


Пакистандагы талиптер мартта жарыяланган ок атышпоону 10-апрелге чейин узартууну чечишти. "Техрик-и Талибан" уюмунун өкүлү айтканына караганда, өкмөткө туткундарды чыгарууга, аскерлерди уруулар жашаган чөлкөмдөрдөн алып кетүүгө кошумча убакыт берилди. Алдыңкы күнү бийлик Түштүк Вазиристанда кармалган 16 кишини бошоткон.

Талиптер камактагы 800дөй кишинин коё берилишин жана аскерлердин Ооганстан менен чек ара аймагында “коопсуздук тилкесин” түзүү үчүн аскерлерди чыгарууну талап кылууда. Февралда Исламабад өкмөтү 2007-жылдан бери созулуп келаткан согушкерлердин козголоңун токтотуу максатында "Техрик-и Талибан" менен сүйлөшүүлөрдү февралда баштаган. Анын биринчи айлампасы талиптер полициянын автобусун жардырып жана өкмөттүк кошуундун 23 мүчөсүн өлтүргөндөн кийин токтоп калган.

XS
SM
MD
LG