Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Жалал-Абадда Апрель окуясы эскерилет


Жалал-Абад шаардык мэриясы Апрель окуясынын 4 жылдыгына карата эскерүү иш-чараларын уюштурат. 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыгып курман болгондордун элесине арналган митинг-реквием өтөтт. Окуянын катышуучуларына сый-тамак берилет. Каза тапкандардын урматына 5-апрель күнү волейбол, баскетбол оюндары боюнча мелдеш өткөрүлөт. 7-апрель күнү жаштар массалык чуркоого чыгат. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде "Апрель окуясы - келечектин сабактары" деген темада илимий-практикалык конференция өтөт.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте Ак үйдүн алдында окко учкан 90го жакын жарандын жетөө жалалабаддык болчу. Учурда аймакта төңкөрүштүн он катышуучусу жашайт. (YA)

XS
SM
MD
LG