Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Эрдоган Твиттерди ачуу боюнча соттун чечимин сындады


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Конституциялык соттун Твиттер боюнча чечимин сындады. Сот "социалдык түйүнгө тыюу салуу жарандардын өз оюн эркин билдирүү укугун бузуу" болуп саналат деген бүтүмгө келген. Премьердин айтымында, анын өкмөтү соттун чечимине баш ийди, бирок аны туура деп эсептебейт.

Кечээ өлкөнүн Коммуникация агенттиги Твиттерге тыюуну алып салган. Жергиликтүү шайлоонун алдында Твиттерде министрлердин айрым коррупциялык иштерге тиешеси болушу мүмкүн деген анонимдүү маалымат пайда болгондон кийин ал 21-марттан бери өкмөттүн чечими менен ачылбай калган.

Түркиялык маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, бүгүн эртең менен өткөн айдын этегинде жабылган YouTube порталын кайра ачуу чечими кабыл алынды. Порталга аткаминерлер Сириядагы аскердик операциянын чоо-жайын талкуулап жатканы тартылган видео чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG