Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Украина аскердик продукциясын Орусияга сатпайт


Ал ортодо Киев Москва менен аскердик жабдыктар соодасын токтотоорун билдирди. Вице-премьер-министр Виталий Яреманын айтымында, Украина кийин өз өлкөсүнө каршы колдонушу мүмкүн болгон куралды чыгара албайт. Чечим өкмөт башчы Арсений Яценюк тарабынан кабыл алынды. Украинанын бир топ аскердик заводдорунда жасалган жабдуулар Орусияга сатылчу. Ярема экономикалык жоготуулардын ордун толтуруу үчүн Украина коргонуу тармагынын продукциясы үчүн башка кардарларды издеп жатат деди.
Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев “үстүрт” эмес “реалдуу” конституциялык реформаларды ишке ашырып, Батыштан көз карандысыздыгын далилдөөгө тийиш деди.

XS
SM
MD
LG