Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөт мүчөлөрүн дайындады


Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндөгү жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчынын 4-апрелдеги дайындоолоруна ылайык:

Жоомарт Оторбаев премьер-министр,
Тайырбек Сарпашев биринчи вице-премьер-министр,
Валерий Диль вице-премьер-министр,
Абдырахман Маматалиев вице-премьер-министр,
Элвира Сариева вице-премьер-министр,
Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри,
Ольга Лаврова каржы министри,
Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри,
Абдылда Суранчиев ички иштер министри,
Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министри,
Осмонбек Артыкбаев энергетика жана өнөр жай министри,
Темир Сариев экономика министри,
Таалайбек Айдаралиев айыл чарба жана мелиорация министри,
Калыбек Султанов унаа жана байланыш министри,
Динара Сагимбаева саламаттык сактоо министри,
Канат Садыков билим берүү жана илим министри,
Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министри,
Камила Талиева маданият, маалымат жана туризм министри,
Кудайберген Базарбаев социалдык өнүгүү министри,
Нурханбек Момуналиев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болду.

Өкмөт мүчөлөрүн 3-апрелде Жогорку Кеңеш бекиткен.

XS
SM
MD
LG