Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

АКШ дипломаты кыргызстандык бейөкмөт уюмдар менен жолукту


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Ниша Бисвал демократизациянын жүрүшү жана жарандык коомдун абалы менен таанышуу үчүн жарандык коом жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту. 3-апрель күнкү жолугушууларда Ниша Бисвал Кошмо Штаттары жарандык коом активисттеринин маанилүү иш-аракеттерин колдоорун айтып, Кыргызстан жана анын демократиялык жолдон тайбай келе жатышын мактоого ылайык экенин белгиледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.

Жарандык коомдун жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсү катаал сыноолорго кабылганын айтып, жалпыга маалымдоо каражаттардын көз карандысыздыгын бекемдөө жана жарандык коомдун өнүгүүсүнө каршы турган тоскоолдуктарга туруштук берүү зарылчылыгын белгилешти.

Ниша Бисвал Кыргызстанга 2-апрелде келген. Жарандык коом өкүлдөрүнөн мурда президент Алмазбек Атамбаев менен да жолуккан. Сүйлөшүү учурунда АКШ "Манастагы" Транзиттик борборду чыгаруу боюнча Кыргызстандын чечимин урматтаарын билдирген. Ниша Бисвал бүгүн Кыргызстандан учуп кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG