Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Спорт тармагына салым кошкондор сыйланды


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин майрамына карата машыктыруучулар жана спорт ардагерлери сыйланды.

Салтанатта Кыргызстандын желегин дүйнөлүк ареналарда желбиреткен спортчуларды тарбиялаган 24 устатка «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу» деген ардак наам ыйгарылып, күбөлүктөр тапшырылды. 7 кызматкер "Кыргызстандын Дене тарбия жана спортунун отличниги" төш белгилери менен сыйланды. “Спорттун ардагери” сыйлыгына бокс боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Алымгазы Адылкулов татыктуу болду.

6-апрель БУУ тарабынан Эл аралык спорт күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда бул күн быйылтан тарта “Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнү” катары белгилене баштады. Буга чейин сентябрдын акыркы ишембисинде белгиленип келген.

Спортчуларга бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да куттуктоосун жолдоду. (КМа)

XS
SM
MD
LG