Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Украина Европадан газ алуу жолдорун караштырат


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Европадагы кошуна өлкөлөр менен газ боюнча “чукул” сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди. Бейшембиде Орусиянын “Газпром” компаниясы Украинага сатылчу газдын баасын 100 долларга көтөрүп жатканын жарыялаган. Яценюктун айтымында, Словакия, Венгрия же Польшадан жаратылыш газын алуунун мүмкүнчүлүктөрү караштырылмакчы. Ал Орусиянын бааны көтөрүү чечимин “саясий жазалоо" деп сындады. Украина газдын 50 процентин Орусиядан алат жана Евробиримдикке кеткен газ куурлары анын аймагы аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG