Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Сот Курманбек Бакиевди 20 жылга кести


Жума күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу боюнча экс-президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Курманбек Бакиев жана анын улуу уулу Марат Бакиев Шон Дейлиге кол салууну уюштурган деп табылып, сыртынан 20 жылга эркинен ажырталды. Ал эми Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин кесилди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү лицензиясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, лицензияны башка компанияга алып берүүгө далалат кылган. Муну ишке ашырууга тоскоол болгон “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин көзүн тазалоого буйрук берген. 2006-жылдын 7-июлунда кол салуу болуп, Дейли оор жараат алган. Максим Бакиевге ошол кездеги УКМКда иштеген агалары: Жаныш жана Марат Бакиевдер көмөктөшкөн.

Бул чечим соттун Бакиевдерге карата чыгарган алгачкы чечими эмес. Буга чейин 2009-жылы белгисиз жагдайда каза болгон Президенттик аппараттынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер соту Курманбек Бакиевди 24 жылга, ал эми иниси Жаныш Бакиевди өмүрү өткөнчө эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда 2010-жылы 7-апрель соту боюнча тынч жарандарга каршы ок чыгарууга буйрук берген деген күнөө менен мамлекеттик айыптоо Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевди өмүрүнүн аягына чейин, улуу Марат Бакиевди 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу. Учурда бул боюнча соттун чечими чыга элек.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кетип кеткен. Курманбек Бакиев Беларустан башпаанек тапкан, улуу Максим Лондондо экени белгилүү болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG