Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Баткен: чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү уланууда


Баткен шаарында ушул дүйшөмбүдө башталган кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу жумушчу топ ишин улантып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкөнүн аймагында калып калган кичи анклавдар тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында атайын документке кол коюу каралууда.

Кыргызстан менен Тажикстан миң чакырымдай чектешет. Анын 400 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андай аймактардын дээрлик баарында Баткен облусундагы калктуу конуштар жайгашкан. Бул комиссия иш баштаар алдында 11-январдан бери жабык турган чек аралар толугу менен ачылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG