Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Ооганстанда талапкерлер добуш беришүүдө


Оогандар бүгүн президенттик шайлоодо добуш беришүүдө. Бул өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бийлик демократиялык жол менен алмашат дегенди билдирет. Таасирлүү талапкерлерден деп саналган мурдагы каржы министри Ашраф Гани Кабулда бюллетень таштагандан кийин «Элдин шайлоого көп санда келип жатышы, Ооганстандын душмандары оогандарды коркута албай тургандыгын көрсөтөт» деди. Мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла шайлоону «жаркын келечекти көздөй бир кадам» деп мүнөздөдү. Конституция боюнча кайра шайлана албаган президент Карзайдын ордуна сегиз талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG