Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

6-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү:

7-апрелден тарта өрөөндөрдө жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 2...7 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба-ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Аба ырайы:

 6-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн  Ысык-Көл акваториясында 10-14 метрге чейин жетет.
 
Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,
Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
 
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 2…4 градус, күндүз 12…14 градус жылуу  болот.

 

XS
SM
MD
LG