Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк Орусияны «экономикалык агрессия» үчүн айыптап, аны газдын баасын асмандатып жиберди деп сотко берерин бышыктады. Өкмөттүн жыйынында ал «Орусия Украинаны куралдын күчү менен ала алган жок эле, эми экономикалык агрессия менен чөгөлөткүсү келет» деди. Орусия ушул аптада Украинага газдын баасын эки ирет көтөрдү. Украинанын энергетика жана көмүр өнөр-жай министри Юрий Продан Орусия менен газдын баасы боюнча сүйлөшүү уланарын, бирок эгер андан майнап болбосо, Стокгольмдогу арбитраждык сотко кайрылууга туура келерин билдирди.