Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Пакистан: христиан түгөйлөр өлүм жазасына кесилди


Пакистанда христиан динин тутунган түгөйдү Пенжаб дубанында сот жума күнү өлүм жазасына кескендиги маалым болду. Экөөнү июль айында, мечиттин имамы «булар телефондон Мухаммед пайгамбарды шакабалаган смс жиберген» деп кайрылгандан кийин камакка алышкан. Адвокаттын айтымында, смс телефон жоголуп кеткенден бир нече күндөн кийин жиберилген. Пакистанда ар кандай диний шыкактоого каршы мыйзам өтө күчтүү деп саналат, бирок укук коргоочулар аны көбүнчө диний азчылыктарга каршы, өч алуу үчүн колдонушарын айтышат.

XS
SM
MD
LG