Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргыз-тажик чек арасында жол жабык турат


5-апрелдин кечинен бери Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырчу Ворух-Исфара жолун бууп турушат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев кабарлады. Анын айтымында, жолдун буулушуна Ак-Сай айылынын жашоочусун коңшу Ворух анклавынын тургундарынын сабап салганы себеп болгон. Жолду тороп чогулгандар кыргыз жаранын ур-тепкиге алган ворухтуктарды жазага тартууну талап кылышууда. Учурда абалды жайгаруу үчүн өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Раззаков Ак-Сайга жөнөп кеткени белгилүү болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG