Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Ак-Сай: эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин жол ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Ворух-Исфара жолун бууп турган Ак-Сай айылынын тургундары менен Баткен облустук бийлик өкүлдөрү менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери жолугушуу өткөрүп, жергиликтүүлөрдүн талаптарын аткарууга убада берген соң жол ачылды. Жолугушууда аксайлыктар кыргыз жаранына кол көтөргөн ворухтуктарды жоопко тартууну жана Ворух анклавы аркылуу жайлоого тоскоолдуксуз өтүүнү камсыздоону талап кылды. Тажик тарап бул талаптарды аткарууга сөз берди.

5-апрель күнү кечинде Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырчу Ворух-Исфара жолун буушкан. Буга Ак-Сай айылынын жашоочусун коңшу Ворух анклавынын тургундарынын сабап салганы себеп болгон. Жолдун жабылышына нааразы болгон Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары чек арага чогулуп, эки топ кайым айтышып, бири-бирине таш аткан. Натыйжада, аксайлык бир тургундун жана тажикстандык бир жарандын автоунаасы талкаланды.(BkA)

XS
SM
MD
LG