Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Украинада "төңкөрүш" шеги менен 15 киши кармалды


Украинанын Коопсуздук кызматы орус тилдүүлөр басымдуулук кылган чыгыш райондо бийликти кулатууга аракеттенген деп шектелген 15 киши кармалып, ири көлөмдө курал колго түшүрүлгөнүн билдирди. Бул кызматтын ырастоосунда, алар Луганск облусунда 10-апрелде бийликти куралдын күчү менен тартып алууну пландап жаткан. Мунун алдында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Орусияда чабуул даярдаган деген кине менен Украинанын 25 жаранын колго түшүргөн эле.

XS
SM
MD
LG