Оштун көчөлөрү заманбап жол чырактар менен жабдылып, жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн видео камералар орнотуу каралууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Сайпидин Момунов билдирди. Анын маалымдашынча, шаар көчөлөрүн заманбап техникалар менен жабдуу Жапон өкмөтүнүн көмөгү менен ишке ашканы жатат. Тиешелүү келишимге 5-апрелде кол коюлду. Ага ылайык, долбоорду каржылоого гранттык негизде 300 миң доллар бөлүнөт.(YI)