Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Сурамжылоо Украинадагы орустарга кысым жоктугун көргөздү


Сурамжылоо Украинадагы орустардын басымдуу көпчүлүгү коркпой-үркпөй эле жашап жаткандыгын көрсөттү.

АКШнын каржылоосу менен жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, Украинадагы орус тилдүү жарандар өз тилине байланыштуу «кысымга кабылбаганын» билдиришти. Эл аралык Республикачыл институт өз иликтөөсү «Москванын Украинада орус тилдүү тургундар коркунучта деген ырастоосун төгүнгө чыгарарын» жана мындай ырастоо болгону Украинага дагы тереңдеп кирүүгө шылтоо экендигин билдирди. Сурамжылоого катышкандардын арасынан украиндердин 85 пайызы, орустардын 66 пайызы орус тилдүүлөр кысымга туш келди деп эсептебей тургандыгын билдиришкен. Орусиянын Украина боюнча пропагандасына жооп катары Кошмо Штаттары жакында Украинага жана Орусияга маалымат жеткирүүнү кеңейтүүгө кошумча каражат бөлгөн. Сурамжылоону АКШнын ЮСАИД эл аралык өнүгүү агенттиги каржылады.

XS
SM
MD
LG