Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Стамбулдагы дипмиссиянын жаңы кеңсесин ачууга диаспора көмөктөштү


Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун жаны кеңсесин ремонттоого кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү активдүү катышты. Мамлекет тарабынан 40 миңдей доллар бөлүнсө, дээрлик ошончолук эле каражатты Стамбулда иштеп жаткан ишкерлер чыгарган. Эми шаардын Таксим деген бөлүгүндө жайгашкан мурдагы кеңсеге кошумча дагы бир нече бөлмө ачылды. Башкы консулдун диаспора менен иштер боюнча жардамчысы Абдулатип Жураев акыркы кездерде дипмиссияга кайрылган жарандар көбөйгөнүн, жаңы кенсе аларга көрсөтүлгөн кызматты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Ачылыш аземине Кыргыз тышкы иштер министрлигинин, Анкарадагы элчиликтин жооптуу кызматкерлери, "Кыргызстан достук жана маданият уюмунун" мүчөлөрү, Түркияда иштеген же окуган кыргызстандыктар, Орусия, Казакстан, Молдова, Беларустун Башкы консулдары, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Башкы консулдукта расмий каттоого 500дөн ашуун кыргызстандык жаран алынган.

XS
SM
MD
LG