Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Ооганстан: шайлоодогу добуштар саналууда


Ооганстанда ишембидеги президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуштар саналып жатат. Өлкөнүн 34 дубанынан Кабулга ташыла баштаган бюллеттендерди санап бүтүүгө бир жумадай убакыт керектелээрин шайлоо комиссиясынын өкүлү Мохаммад Нур билдирди.

Бюллетендер алгач жеринде саналып, анан борбор калаага жөнөтүлөт. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 24-апрелден кийин гана белгилүү болору айтылууда.

Алдын ала жыйынтыктарга караганда, 5-апрелдеги шайлоого добуш берүү укугу бар 12 миллион калктын 7 миллиону же 60 пайызга жакыны катышты.

Президенттик такты үчүн сегиз талапкер ат салышты. Учурда Ооганстанды Хамид Карзай башкарат.

XS
SM
MD
LG