Чыгыш Украинадагы ири үч шаардын өкмөттүк администрацияларын орусиячыл демонстранттар ээлеп алды.
Митингчилер жекшембиде Харьков шаарындагы облустук администрацияга кирип барышты. Имаратка Орусиянын желегин орнотконуна карабай, полиция аларга күч колдоно алган жок.
Мурдараак Донецк жана Луганск шаарларында да митингге чыккандар администрациялык имараттарды ээлешкен. Демонстранттар референдум аркылуу аймакты Орусияга кошуу талабын коюп жатышат.
Украинанын чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Литвага дүйшөмбүгө белгиленген иш сапарын токтотту.
Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков өлкөдөгү башаламандыкты "Орусия президенти Владимир Путин менен бийликтен кулатылган Виктор Янукович атайын уюштурган” деп билдирди.