Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Апрель окуясынын төрт жылдыгы эскерилет


Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы Апрель окуясынын төрт жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтөт. Буга байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа каттамына убактылуу чектөө киргизилмекчи.

Жол-кайгуул кызматынан кабарлашкандай, эртең мененки саат 7:30дан 11:30га чейин Чүй проспектисинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Аталган кызмат айдоочуларды чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга жана сабырдуу болууга чакырууда.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы акциялар 6-апрелде Талас шаарында башталган. 7-апрель күнү демонстранттар Ак үйгө келишкен. Митинг учурунда 90го жакын киши октон мерт кеткен. Ак үй ээленгенден кийин Курманбек Бакиев Жалал-Абадга, андан ары Казакстан аркылуу Беларуска качкан. Төрт жылдан бери ошол жакта баш калкалайт.

Апрель окуясына байланыштуу Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Сот иши азыркы учурга чейин аягына чыкпай келет. (SE)

XS
SM
MD
LG