Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Акыйкатчы: 7-апрелде мыкты уулдар диктатурага каршы чыккан


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бүгүнкү билдирүүсүндө ал "Өлкөбүздүн мыкты уулдары үй-бүлөлүк башкаруу диктатурасына каршы чыгып, чыныгы эркин жана демократиялык коом куруу мүмкүнчүлүгүн бизге жаратып берди" деп айтты.

Ошондой эле Аманбаев өлкөнүн татыктуу келечеги үчүн "өз жанын аябаган, эркин жашоо үчүн өлүмгө тике караган атуулдарды ар дайым эсибизде сактайбыз" деди.

Бүгүн Кыргызстан 4 жыл мурунку окуяны эскерүүдө. 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында 78 демонстрант окко учкан. Ошол күнү өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG