Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Аксыда кыргыз-өзбек чек арасында нааразылык акциясы өтүүдө


Аксынын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Калпак айылында ушу тапта 50-60 адам чогулуп турат. Алар 24-мартта Өзбекстанга өтүп кеткен 7 баш бодо малды кайтарып берүүнү талап кылышканын "Азаттыкка" мал ээси Абдыкерим Молошев билдирди.

Малды айдап кеткен деп өзбек чек арачыларынан күмөн санаган Молошевдин айтымында, чогулгандар талап аткарылбаса Кызыл-Жар айылы аркылуу Өзбекстанга өткөн Наманган каналын Нарын дарыясына буруп жиберип, коңшу өлкөгө суу өткөрбөөнү көздөшүүдө.

Аксынын акими Медет Айдаралиев малды кайтарып алуу үчүн Наманган облусунун Чартак районунун акими менен сүйлөшүү бүгүн саат 15ке да белгиленгенин, буга чейин Чартак акими бир да сүйлөшпөй койгонун, өзбек Чек ара кызматы ал жакка өткөн 7 баш бодо мал контрабанда катары катталгандыктан кайра кайтарылбай турганын жооп бергенин билдирди. Анын айтымында, Молошевдин малын өзбек чек арачылары айдап кеткен эмес, мал чек арадан өзү өтүп кеткен. (YA)

XS
SM
MD
LG