Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Дүйнөлүк бокс: Украина үчүн таймашкан кыргыз Орусияны утту


2013-2014-жылдардагы Бүткүл дүйнөлүк бокс таймаштарынын чейрек финалдык бөлүгүндө «Украиналык атамандар» спорт клубунун намысын коргоп жүргөн кыргызстандык мушкер, Азия чемпиону Азат Үсөналиев негизги атаандашы Бахтовар Назировду жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн Бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев кабарлады.

Мелдеш 4-апрелде Украинанын Донецк шаарында өттү. Азат Үсөналиев Орусиянын намысын талашкан Назировду 2:1 эсебинде утуп алды. Бул Үсөналиевдин кесипкөйлөр арасындагы үчүнчү жеңиши. Мындан мурда ал Аргентина жана Алжир өлкөлөрүнүн мушкерлерин артыкчылык менен уткан. (КМа)

XS
SM
MD
LG