Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Бишкекте үйү өрттөнгөн үч үй-бүлө чатырларга жайгаштырылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, Манасчы Сагымбай көчөсүндөгү өрт чыккан №168 үйдө жашаган үч үй-бүлө убактылуу чатырларга жайгаштырылды. Калган 5 квартиранын тургундары туугандарыныкына көчүрүлдү.

Жабыркагандарга Биринч Май райондук администрациясы ысык тамак берип, чатырларына жарык киргизди.

2-апрелде түнкү саат 11 чамасында чыккан өрттүн кесепетинен аталган үйдө бир аял кызы менен каза тапкан. Эки тургун күйүк калып, 4-ооруканага жеткирилген. (AzK)

XS
SM
MD
LG