Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Чыгыш Украинада орусиячылар курал тартып алышты


Улуттук коопсуздук кызматынын Луганск шаарындагы имаратына орусиячылар чабуул жасап, курал-жарак сакталган жайды басып алышты. Бул тууралуу украин расмий бийликтери кабарлады. Орусиячылар Лугансктагы Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын кечээтен бери ээлеп алышканын жергиликтүү милиция маалымдады. Аны менен бирге белгисиз адамдар шаардын ичине тосмолорду орноткондон кийин өкмөттүк күч түзүмдөрү Луганскка кирчү жолдорду жаап койду. Ал эми Харьков шаарында кырдаал бир аз тынчып, жергиликтүү бийлик имаратынан орусиячылар чыгарылды.

Кечээ протестчилер Донецк жана Харьковдун жергиликтүү администрацияларын жана Лугансктагы Улуттук коопсуздук кызматынын имараттарын басып алган болчу.

XS
SM
MD
LG