Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Урмат Барктабасовду казак каржы полициясы издөөдө


Казакстандын Финансы полициясынын сайтында Кыргызстандын жараны Урмат Барктабасов изделип жатканы тууралуу маалымат 5-апрелде чыкты. Анда Барктабасов Казакстандын "Кылмыш кодексинин" 7-беренеси боюнча (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же мыйзамсыз коротуу) айыпталып жатканы айтылат.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы “Азаттыкка” Урмат Барктабасовдун изделип жатышы боюнча маалымат менен сайттан гана таанышканын, бирок аларга бул туурасында казак тараптан расмий кат түшпөгөнүн билдирди.

Урмат Барктабасов 2006-жылдан бери “Мекен-Туу” партиясын жетектөөдө. 2010-жылы ага карата бийликти басып алуу аракети боюнча иш козголуп, 2011-жылы төрт жылга эркинен ажыратылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG