Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Жоголгон учактыкы болушу мүмкүн деген сигнал аныкталды


Австралиянын деңиз аскер күчтөрүнүн атайын шаймандар менен жабдылган кемеси суунун астынан сигналдарды аныктады. Ал белгилер жоголгон малайзиялык учактын кара кутусу жөнөткөн сигналдарга дал келет. Австралиянын деңиз аскер күчтөрүнүн офицери Ангус Хьюстон муну "үмүт арттырчу жагдай" деп сыпаттады. Бирок дайынсыз жоголгон Боинг-777 кулаган жерди так аныктоо бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Авиалайнер түшкөн жер аныкталганда гана ал жакка атайын жабдуу жөнөтүлөт.

Malaysia Airlines авиакомпаниясынын 239 жүргүнчүсү бар учагы 8-мартта Куала-Лумпурдан Бээжинге баратып жоголгон.

XS
SM
MD
LG