Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына барып, Апрель окуясында курман болгондорду эскерет. Ал колуна кара тамга менен түшүрүлгөн "каргыш" деген жазууну кармап, "белорус президенти Александр Лукашенко менен Минскиге качып кеткен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге тескери бата" берерин айтты.
Бүгүн Кыргызстан 2010-жылкы Апрель курмандыктарын эскерип жатат. 7-апрель күнү жана андан кийин жараат алып курман болгондордун саны бүгүнкү күндө 113 киши экени айтылууда. (AzK)
Бүгүн Кыргызстан 2010-жылкы Апрель курмандыктарын эскерип жатат. 7-апрель күнү жана андан кийин жараат алып курман болгондордун саны бүгүнкү күндө 113 киши экени айтылууда. (AzK)