Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Былтыр коррупция боюнча 74 киши жоопко тартылды


Бул туурасында “Азаттыкка” УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын чыгарган жыйынтыгына караганда, 2013-жылкы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштердин негизинде 74 киши жоопко тартылган. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин бир депутаты, жергиликтүү кеңештин 3 депутаты, эки судья, 4 министр жана орун басарлар, 25 укук коргоо органынын кызматкерлери бар.

Эң көп кылмыш иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата козголуп, 56 иш катталган. Укук тартибин коргоо системасында 38, билим берүү жана тоо-кен тармагында 15 иш козголгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG