Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Латвия жана Литвада орус телеберүүлөрү токтотулду


Балтика боюндагы эки өлкө орус мамлекеттик телеканалдары Украинадагы кырдаалды бир тараптуу чагылдырганынан улам телеберүүлөрүн токтотушканын кабарлашты.

Латвиянын Электрондук медиа улуттук кеңеши "РТР–Россия" телеканалынын берүүлөрүн 7-апрелден тарта үч айга токтотоорун билдирди.

Литванын борбору Вильнюстун аймактык административдик соту Орусиянын "РТР–Планета" телеканалынын Украина тууралуу айрым көрсөтүүлөрү «ырксыздыкты үндөөгө багытталган» деген себеп менен телеканалга чектөө киргизди.

Аталган эки телеканалга тең Орусиянын өкмөттүк ВГТРКсы ээлик кылат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин адам укуктары боюнча комиссары Балтика өлкөлөрүнүн бул аракетин маалымат алуу укугун бузуу деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG