Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Оппозиционер Кадыровдун үй-бүлөсү коркутууга тушукканы кабарланууда


Оппозиционер, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун үйүнө милиционерлер барып, балдарын коркутканы кабарланууда.

Кадыровдун жубайы Жаңыл Кумашова "Азаттыкка" билдиргендей, 7-апрель күнү кечке жуук милиция формасындагы эки, жарандык кийимдеги төрт адам алар жашаган үйгө келип, эшикти ачууну талап кылышкан. Үйдө Кадыровдун балдары гана болгондуктан, каалганы ачышкан эмес.

Жаңыл Кумашова муну оппозиция өкүлүнүн жакындарын атайын коркутуу максатында бийлик тарабынан жасалып жаткан кадам катары баалады.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү окуядан кабарсыз экенин, ал териштирилерин маалымдашты.

Кубанычбек Кадыров Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү. (SE)

XS
SM
MD
LG