Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Батыровдун мүлктөрүн жергиликтүү бийлик көзөмөлдөй баштады


Июнь апаатынын уюштуруучусу деп күнөөлөнүп жаткан Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү убактылуу өз көзөмөлүнө алды.

Облустук бийлик атайын комиссия түзүп, соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган 28 объектти тактоо иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Женалиев билдирди. Анын айтымында, Кадыржан Батыровдун мүлктөрү боюнча соттун чечими болгону менен өкмөттүн токтому чыга элек. Ошондуктан мүлктөрдү жергиликтүү бийлик убактылуу көзөмөлдөп турмакчы.

Батыровго таандык делген мүлктөр Жалал-Абад шаарында, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорунда катталган.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы Июнь окуясын уюштурган деп айыпталып, сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Өткөн жумада ага карата жерди мыйзамсыз менчиктештирип алуу фактысы менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Батыров өзү чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG