Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Аткаминерлерге чет элден банк эсебин ачууга тыюу салган мыйзам талкууда


Жогорку Кеңеште саясий кызматтагыларга чет элдеги банктардан эсеп ачуу жана башка мамлекеттин аймагында менчик мүлккө ээ болуу укугуна тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.

Депутат Исмаил Исаков сунуштаган «Айрым категориядагы кызмат адамдарына Кыргызстандын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун учурда комитеттер карап жатат.

Аталган мыйзам долбоору саясий кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон учурда алардын качып кетишине мүмкүнчүлүк түзбөөгө, башка мамлекетке көз каранды болбоого, оффшордук аймактарга каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюуга багытталган.

Мыйзам долбоору парламенттин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде 7-апрель күнү жактырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG